Сабак

Загрузка ...

Сабак - окутууну уюштуруунун негизги түрү.

Сабак окуучулардын туруктуу курамы менен расписание боюнча өтүлөт. Сабакта окутуунун жалпы класстык, топтук жана жекече түрлөрү айкалыштырылат. Сабак - системалуу билим берүүнүн, аныпрактикада колдонуп, чыгармачылыккаүйрөнүүнүн, личностту калыптандыруунун куралы.

Сабактын негизги белгилери: окутуу жана тарбиялоо милдетинин биримдиги; окуучулардын таанып-билүүгө ынтызарлыгын өстүрүүгө өбөлгө түзүү; бир дидактикалык максатка баш ийген орг. бүтүндүк.




Ачык сабак - мугалимдин педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. Ачык сабактын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат жана мектепдиректору же анын окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет. Ачык сабак окуу программасындагы татаал же жаңыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. Ачык сабакта педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаңы технологияларын: алдыңкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеңири колдонуу ишке ашырылат. Ачык сабак мектеп практикасында мугалимдер арасында алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. Ачык сабакка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.



Сабактын түзүлүшү – бири-бири менен өз ара байланыштагы жана белгилүү бир иреттеги сабактын элементтеринин катнаштары. Сабактын түзүлүшүн (структурасы) сабактын дидактикалык максатынан, окуу материалынын мазмунунан, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнөн жана башкалар көз каранды жана жөнөкөй да, ошондой эле кыйла татаал да болушу мүмкүн. Узак мезгилдер бою сабактын 4 элементтүү структурасы үстөмдүк кылып келген:

Мындай «катып» калган сабактын түзүлүшүн окуучулардын өз алдынча иштөө билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга, алардын окуу, таанып-билүүчүлүк иш аракетин активдештирүүгө жакшы өбөлгө түзө алган эмес. Анткени мында мугалимдин иш-аракети үстөмдүк кылып, ал маалыматтын негизги булагынын ролун аткарат да, окуучунун иш-аракети негизинен репродуктивдүү мүнөзгө ээ болот.

Ошондуктан кийинки мезгилдерде дидакттар Сабактын түзүлүшү боюнча төмөнкүдөй сунуштарды беришүүдө: бүтүндөй Сабактын түзүлүшүн дидактикалык подструктурага жана методикалык подструктурага бөлүнөт; дидактикалык подструктура 3 элементтен окуучулардын сабактын максатын аңдап түшүнүүсүнөн, таяныч билимдерди актуалдаштыруудан жана окуучулардын жаңы нерселерди үйрөнүүсүнөн турат; дидактикалык подструктура кандай гана сабак болбосун анын курумуна камтылат; методикалык подструктура мугалимдин өзүнүн кароосуна калтырылат. Сабактын структурасын аныктоого мындай мамиле кылуу анын ийкемдүүлүгүнө өбөлгө түзөт, мугалимдин чыгармачылык менен изденүүсүнө кеңири жол ачат.



Сабактардын тематикалык планыокутуу процессин пландаштыруунун негизги түрүнүн бири. Пландаштырууну ишке ашыруунун алгачкы документтери катарында мектептердин окуу пландары жана программалары эсептелет да, алардын негизинде календардык, тематикалык жана күндөлүк сабактардын пландары түзүлөт.

Сабактардын тематикалык планы программанын ар бир темасынын же бөлүмүнүн маанилүү (түйүндүү) маселелерин сабактардын системасына бөлүштүрүү ишке ашырылат. Сабактардын тематикалык планы теманы дидактикалык анализдөөнүн негизинде түзүлүп, аны окуп-үйрөнүүнүн логикасын туюнтат. Программанын ар бир темасы өз-ара тыгыз байланыштагы сабактардын системасы болгондуктан, мугалим тематикалык планды түзүүдө темадагы окуу материалдарынын максатка ылайыктуу болгон удаалаштыгын ойлоштурат; теманын материалдарын сабактарга бөлүштүрөт; ар бир сабакты өтүүнүн методдорун чагылдырып, кайсыл көрсөтмө каражаттарды жана техникалык каражаттарды кандай жана качан колдонуу керек экендигин тактайт; сунуш кылынуучу мисал, маселелерди, кайталоо үчүн колдонулуучу материалдарды тандап алат.

Сабактардын тематикалык пландын бардык предметтер үчүн милдеттүү болгон бир түрдүү формасы жок. Сабактардын тематикалык планында маселен, «сабактын темасы», «окуучулардын өз алдынча иштери», «көрсөтмө куралдар жана окутуунун техникалык каражаттары», «өткөндү кайталоо» сыяктуу бөлүмдөрдөн тышкары, кошумча түрдө «предметтер аралык байланыштар», «татаалыраак маселелер» жана башкалар бөлүмдөрдү да зарылдыгына жараша кошумчалоого мүмкүн.

Окуу материалын пландаштырууда, жалпы алганда, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана методикалык адабияттар жардам берет.

Сабактардын тематикалык пландардын сапаттуу түзүлүшү ар бир сабак үчүн керектүү болгон көрсөтмө каражаттарды жана приборлорду, дидактикалык материалдарды өз учурунда жана сапаттуу камдап алууга мугалимге жардам берет да, окутууну иш жүзүнө ашырууда чыгармачылык менен изденүүгө өбөлгө түзөт.