Лексика
Лексика (гр.—сөз, речтин обороту, ойду берүүнүн ыгы) — тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы, анын сөздүк составы. Тилдин сөздүк составында элдин тарыхы чагылдырылат, турмуш тиричилиги, маданияты, искусствосу менен адабияты берилет. Тарыхтын жылышы менен элдин турмушунда өзгөрүүлөр, жаңылануулар болот, коом турмушунун. айрым көрүнүштөрү эскирип калат, жаңы түшүнүктөрдү туюнтуу үчүн тилде жаңы сөздөр пайда болуп, эскилери колдонуудан чыгып калат. Ошентип, элдин турмушундагы ири окуялар, бурулуштарга жараша жандуу речтен айрым сөздөр чыгып, жаңы сөздөр пайда болуп отурат. Тил жаңы сөздөр, терминдер менен тынымсыз байып турат. Бул процесс көркөм чыгармалардаи орун алат.
Лексикалык маани – бүтүндөй бир сөз топторуна же сөз категорияларына таандык болгон грамматикалык мааниден айырмаланып, жеке бир лексикалыкбирдикке гана таандык маани. Толук маанилүү сөздөрдүн көбүнүн лексикалык мазмуну бирдей даражада болбойт. Ошого жараша алар өзүнчө маанилик структура, өз ара иерархиялык багыныңкы байланыш, башкача айтканда сөздүн лексика-семантикалык варианттарын түзүп турат. Лексикалык семантиканы уюштуруунун бул касиети полисемия же сөздү вариациялоо деп аталат. Сөздүн предметке же түшүнүккө тиешелүүлүгүнө жараша лексикалык маани тике жана өтмө маани, контекстке көз карандылыгына жараша фразеологиялык түрмөккө байланышкан, конструкциялык жактан шартталган жана эркин маани деп бөлүнөт. Лексикалык маани – сөздүн объективдүү бир класска кирген нерселердин башкалардан айырмалап көрсөткөн мааниси. Сөздөрдүн лексикалык маанисинин ар башкалыгына ылайык, бир сөз экинчи бир сөздүн айырмалангандыктан, лексикалык маани ар бир сөздүн өзүнө тиешелүү мааниси катары каралат. Мисалы, балапан – куштун же башка канаттуунун баласы жана башка.