Сөз түркүмдөрү
Зат атооч - сөз түркүмү.Заттардын, окуялардын, буюмдардын аттарын билдирип, ким? эмне? кимиси? эмнеси? деген суроолорго жооп берет. Зат атоочтун өзүнө тиешелүү морфологиялык белгилери бар: а) жөндөлөт; б) жекелик жана көптүк санда колдонулат; в) таандык мүчөлөр менен өзгөрөт; г) жакталат. Зат атооч сүйлөмдө ээлик, баяндоочтук жана айкындоочтук милдетти аткарат.
Сын атооч - заттын өңүн, түсүн, сынын,сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч).
Сапаттык жана катыштык сынОңдоо
Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. Мисалы: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозолук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара жана башка. Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. Мисалы: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш туган жана башка.
Сын атоочтун даражаларыОңдоо
Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. Жай даражаЗаттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү жана башка. Салыштырма даражаЗаттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). Күчөтмө даража Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.
- а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
- б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б.
- в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су жана башка.
Басаңдатма даражаОңдоо
Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
- -ыш - агыш, көгүш
- -гыл - киргил, чаңгыл
- -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн
- -гыч - саргыч
- -гылт - кызгылт
- -гылтым - кызгылтым ж.б.
Сын атоочтун жасалышыОңдоо
Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:
- -луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам
- -дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл
- -сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн
- -гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык
- -чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура
- -лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм
- -чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши
- -мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал
- -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер
- -кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай
- -ий –илимий иш, тарыхый оку я, диний көз караш
Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:
- -гыр - алгыр куш, өткүр бычак
- -гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын
- -гак - соргок кузгун, тайгак жол
- -аак - ыйлаак бала, тердээк ат
- -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу
- -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу
- -аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат
- -калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз
- -ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай
- -ма - жайма базар, өрмө жүгөн
- -ыш - тааныш адам, окшош буюм
- -ынды - уланды мүчө, туунду сөз
- -ын - агын суу, саануй
- -арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б.
Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышыОңдоо
Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М и с а л ы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкулж.б.
Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушуОңдоо
Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер жана башка.
Сын атоочтун синтаксистик кызматыОңдоо
Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду жана башка.
Сан атооч - заттын санын, ɵлчɵмʏн билдирип, Канча? Нече? Канчанчы? Неченчи? деген суроолорго жооп берет. Сан атооч алтыга бɵлʏнɵт: Эсептик, иреттик, жандама, чамалама, топ жана бɵлчок сан атооч Эсептик сан атооч - заттын жалпы санын кɵрсɵтʏп, канча? нече? деген суроолорго жооп берет. М и с а л ы: Республикада жети облус бар (облус - канча? жети) Иреттик сан атооч - заттын катарын, иретин кɵрсɵтʏп, канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет. М и с а л ы: Биз экинчи кабатта окуйбуз (кабатта - канчанчы? экинчи)
Ат атооч - [[Зат|заттын]белгилеринин туруктуу касиетин ажыратпастан жалпы мааниде көргөзгөн сөз түркүмү. Маанисине карай жактама (мен, сен, ал), шилтеме (бул, тигил), сурама (ким, эмне), тангыч (эч ким, эч кандай), аныктама (бүтүн, ар бир), белгисиз (бирдеме, кимдир) болуп бөлүнөт.
Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды?эмне кылат?эмне кылып жатат? Эмне болду? Эмне болуп жатат? Кантет? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет. М и с а л ы: Айшакан сайма сайды. Самолёт бийик көтөрүлдү. Балдар келип калышты. Мен окуп жатам. Жакында айылга барам.
9.1.ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТАТААЛ ЭТИШТЕР
Этиштер түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал этиштер болуп экиге бөлүнөт.
Жөнөкөй этиштер бир сөздөн, татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М и с а л ы: бар, кел, ойно, оку, бара кел, ойноп жүр, жазып бер, окуп жибер, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.
9.2.НЕГИЗГИ ЖАНА КӨМӨКЧУ ЭТИШТЕР
Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.
М и с а л ы: Иштеп жатат (иштеп -негизги этиш, жатат - көмөкчү этиш). Окуп келди (окуп - негизги этиш, келди - көмөкчү этиш). Ал келген экен (келген негизги, экен көмөкчү этиш. Мира окуп жиберди, окуп негизги этиш, жиберди көмөкчү этиш.
9.3.ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ ЭТИШТЕР
Этиш сөздөр тубаса жана туунду болуп, экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат. М и с а л ы: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, оку, жый, кой, тур ж.б.
Туунду этиштер мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
-ла - кайчыла, башта, тиште
-а - сана, чене, көзө, жаша
-ар - агар, көгөр, бозор, жашар
-лаш - жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш
-кар - башкар, аткар, өткөр, откор
-сыра - уйкусура, кансыра,алсыра
-ы - байы, кеңи, жашы
-каз - атказ, откоз, бүткөз
-ылда - чырылда, бакылда, күпүлдө
-ай - азай, көбөй, муңай, чоңой ж.б.
9.4.ЭТИШТИН МАМИЛЕЛЕРИ ЖӨНУНДӨ ТҮШҮНҮК
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат: ал, бер, жаз, оку, жазыл, асын, куткар, жаздырат ж.б.
Кыргыз тилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:
1. Негизги мамиле
2.Кош мамиле
3. Өздүк мамиле
4.Туюк мамиле
5. Аркылуу мамиле
9.5.НЕГИЗГИ МАМИЛЕ
Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.
М и с а л ы: Замира китеп окуду. Ныязбек жазды десек, кыймыл-аракет башка кишилер эмес Замира, Ныязбек тарабынан гана аткарылды.
Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөлөрү жок, башка мамиле этиштерди түзүүгө негиз болот. Туунду жана тубаса этиштер негизги мамилени түзөт: жаз-жазыш, жазып, жаздыр, жуу-жуун, жууш, жуудур, жуудурт ж.б.
9.6.КОШ МАМИЛЕ
Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп талат.
Кош мамиле этиштерди -ыш (-иш, -уш, -үш, -ш) мүчөсү юштурат. М и с а л ы: алыш (алышты), жазыш (жазышты), санаш (санашты), иштеш (иштешти), бериш (беришти).
9.7.ӨЗДҮК МАМИЛЕ
Негизги мамиле этишке -ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.
Өздүк мамилени -ын (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачын, көрүн, жуун, кийин, жамын, чечин, ойгон, жасан, таран ж.б.
9.8.ТУЮК МАМИЛЕ
Кыймыл- аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер туюк мамиле этиш деп аталат.
Туюк мамиле этишти –ыл, (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсү уюштурат. Мисалы: жазылды, ачылды, тосулду, оңолду, жасалды, кесилди, ж.б.
9.9.АРКЫЛУУ МАМИЛЕ
Кыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин, аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат.
-дыр – алдыр, күлдүр, билдир
-гыз – отургуз, жеткиз, билгиз
-кыр – жеткир, жаткыр
-ыр – батыр, житир, өчүр
-коз – бүткөз, өткөз
-ыз - агыз, эмиз, угуз
-т – санат, окут, ойнот
-ыт – коркут, үркүт, жарыт
9.10.ЭТИШТИН ЫҢГАЙЛАРЫ
Сүйлөөчү адамдын кыймыл- аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары кыймыл- аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет.
Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт: 1.Буйрук ыңгай 2.Шарттуу ыңгай 3.Каалоо-тилек ыңгай 4.Максат-ниет ыңгай 5.Баяндагыч ыңгай
9.11.БУЙРУК ЫҢГАЙ
Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл –аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн, билдирген сөздөр буйрук ыңгай деп аталат.
Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт: 1.Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук ж.б. 2.Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж.б. 3.-сын,- гын, -гыла, -ыңыз, -ыңыздар алы (алык) сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, келиңиз, барыңыздар, баралык, жөнөйлүк ж.б.
9.12.ШАРТТУУ ЫҢГАЙ
Кыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды –са мүчөсү уюштурат. Мисалы:барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо, ж.б.
Шарттуу ыңгай төмөндөгүдөй маанилерди билдирет: 1.Шарттык маанини: Күн жааса, биз барбай калабыз. Күн ачылса, биз жөнөйбүз. Алар кечиксе, мен барбайм. 2.Мезгилдик маанини: Бүгүн кетсек, кайра келбейбиз. Күн чыкса, алп иштер башталат. 3.Өтүүнү, сурануу маанисин: Жакшы окусаңар, тартиптүү болосуңар, көп ийгиликтерге жетесиңер. Барсаң бар, келсең кел. 4.Карама-каршылык маанини: Чоро күтсө, Танабай келген жок. Ал келсе, мен барбайм. 5.Себеп маанини: Согуш бүтсө, жумуш жеңилдеп калар эле. Жакшы колго түшсө, көңүлү курсант болот. Жаман колго түшсө, кор болот.
9.13.КААЛОО-ТИЛЕК ЫҢГАЙ
Кыймыл- аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.
Тилек ыңгайды –айын (I жак, жекелик санда), -алык (I жак, көптүк санда), -гай эле+жак мүчөлөрү (I, II); -са+жак мүчөлөрү+экен уюштурат. Мисалы: барайын, келелик, көргөй, элем, барса экен, барсам экен.
Каалоо-тилек ыңгай аркылуу берилген кыймыл-аракеттин али иш жүзүнө ашышы, же ашпай калышы сүйлөп жаткан адамга ачык, так болбойт, ошонун ишке ашышын тилейт, каалайт.
9.14.МАКСАТ-НИЕТ ЫҢГАЙ
Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.
Ниет ыңгайды -мак, -макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө -мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет. Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек мында келмек эмес ж.б.
9.15.БАЯНДАГЫЧ ЫҢГАЙ
Кыймыл-аракеттин ошол учурда болуп өткөнүн, болуп жатканын, боло турганын жайынча баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. Мисалы: Шаарга бардым. Шаарга бара жатам. Шаарга барганмын.
Баяндагыч ынгай жакты жана чакты билдирет.
9.16.ЭТИШТИН ЧАКТАРЫ
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын, же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болорун чындык катарында көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат. Этиштин чактары төмөндөгүдөй болуп, үчкө бөлүнөт:
1. Учур чак
2.Келер чак
3.Өткөн чак
9.17.УЧУР ЧАК
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак деп аталат.
Этиштин учур чагы төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.
Этиш сөздөргө чакчыл -а, -е (-й), -ып мүчөлөрү, андан кийин жак мүчөлөр уланып, жат, тур, бар, кел, бол, отур, бер деген ж.б. көмөкчү этиштердин кошо айтылышы аркылуу түзүлөт. Мисалы: Бактыбек мектепке бара жатат. Жүргүнчү улам эки жагын карай берди. Ата-энелер мектепке келип жатышат. Мен окуп жатам
-оо, -уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) улануу менен түзүлөт. М и с а л ы: Элдин турмушу жакшырууда. Отличник окуучулардын саны өсүүдө. Бак дарактар бүрдөөдө. Учур чак түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт.
9.18.КЕЛЕР ЧАК
Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте болорун көрсөтүүчү этиш сөздөр келер чак деп аталат. Келер чак кыймыл аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп, экиге бөлүнөт.
9.19.АЙКЫН КЕЛЕР ЧАК
Кыймыл-аракетти келечекте боло тургандыгы, же болбосу анык экендиндигин ачык-айкын көрсөткөн этиш сөздөр айкын келер чак деп аталат.
Этиш сөздөргө чакчыл -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу айкын келер чак жасалат. Мисалы: Мен жакында Москвага барам. Кеңешмеде чыгып сүйлөйм. Жолдошторума жолугам.
9.20.АРСАР КЕЛЕР ЧАК
Кыймыл-аракеттин, окуянын боло тургандыгын, же болбой тургандыгын күмөндүү түрдө, же арсар экендигин көрсөткөн этиштер арсар келер чак деп аталат.
Арсар келер чак -ар, -бас мүчөлөрүнүн жардамы менен уюшулат. Мисалы: Мен жакында барып калармын. Алар келип калышар. Бүгүн жыйналыш болор. Ашым эртең келип калар. Балким, Ысакул эртең шаарга барбас.
9.21.ӨТКӨН ЧАК
Кыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болгондугун, же болбогондугун билдирген этиш сөздөр өткөн чак деп аталат. Мисалы: Мен бардым. Биз жазыптырбыз. Окуучулар иштеп бүтүшкөн экен. Кыргызстан гүлдөгөн өлкөгө айланды.
Ички сезимди билдирген, суйломго мучо боло албаган создор сырдык создор деп аталат.
Жандооч - өз алдынча тургандалексикалык бир маанини билдире албаган, сүйлөмдөгү сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылган же аларга кошумча маани берген кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат. Мисалы: Асан шаарды карай кетти. Алым менен келдим. Бул сүйлөмдөгү жандоочтор карай, менен. Шаар деген зат атоочтун табыш жөндөмөсүндө турушу карай деген жандоочко байланыштуу, анын табыш жөндөмөдө турушун карай деген жандооч байланыштырып турат. Экинчи сүйлөмдө Алым деген сөздүн атооч жөндөмөдө турушун кийинки айтылган менен деген жандооч талап кылып турат. Эгерде бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочторду алып салсак, Асан шаарды кетти, Алым келдим болуп, байланышсыз, түшүнүксүз айтылар эле. Кай жакка? (кайда?) кетти? Шаарды карай (кетти). Ким менен келдиң? Алым менен (келдим) деген гана туура, байланыштуу айтылат. Бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочтор гана өзүлөрүнөн мурунку атооч сөздөрдү (шаар, Асан) кет(ти), кел(дим) деген этиш сөздөр менен байланыштырды. Буларды сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратканда шаарды карай, Алым менен деп, бирге карайбыз.
Кызматчы сөздөр — сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албаган, бирок сөз же сүйлөмдү байланыштырууда же ар кандай кошумча маанини билдирүүдө колдонулган сөздөр. Алар өз алдынча турганда мааниге ээ эмес жана сүйлөм мүчөлөрү да боло алышпайт. Буларга байламталар, жандоочтор, бөлүкчөлөр жана модалдык сөздөр кирет. Кызматчы сөздөр толук маанилүү (негизги) сөздөрдүн семантикалык, грамматикалык (синтаксистик) жактан олуттуу өзгөрүүгө учурап, бир нече белгилери боюнча сөз мүчөсүнө жакындашып кетишинен пайда болот.
Создано на конструкторе сайтов Okis при поддержке Flexsmm - накрутка подписчиков вк